super.kg logo

Орусияда генералдын өлүмү боюнча Өзбекстандын жараны өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Өзбекстандын 30 жаштагы жараны Ахмаджон Курбонов орусиялык генерал Игорь Кирилловдун өлүмү боюнча теракт уюштурган деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришүүдө.

Маалыматка ылайык, Ахмаджон Курбонов сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Алгачкы 10 жылын түрмөдө, калган жазасын күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөйт. Мындан тышкары, ага 1 миллион рубль айып пул салынды. Бул иш боюнча дагы үч адамга өкүм чыкты. Роберт Сафарян күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган, ал эми Рамазан Падиев менен Батухан Точиев күнөөсүн моюнга алган жок. Жыйынтыганда Точиев 22 жылга, Падиев 18 жылга, Сафарян 25 жылга эркинен ажыратылды.

Орусиянын Тергөө комитети Курбонов сурак маалында кылмышты украин атайын кызматтарынын тапшырмасы менен жасаганын айтканын билдирген. Анын айтымында, теракт үчүн 100 миң доллар акча жана Европага чыгып кетүү убада кылынган.

Белгилей кетсек, теракт 2024-жылдын 17-декабрында Москвадагы Рязань проспектинде болгон. Генерал жашаган үйдүн жанында токтоп турган электросамокатка коюлган колго жасалган бомба жарылып, Игорь Кириллов жана анын жардамчысы Илья Поликарпов ошол жерден каза тапкан. Шектүүлөр окуядан бир нече сааттан кийин кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: