super.kg logo

"Үй-бүлөлөр ажырашууда". Бекешев казакстандыктарды өлкөгө оңой киргизүүнү сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Казакстандын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүү эрежелерин кайра карап чыгуу керектигин сунуштады.

Эл өкүлү визалык системдин жоюлушуна байланыштуу кыйынчылыктарга туш болгон жарандар болуп жатканын жана ал үй-бүлөлөрдүн бузулушуна чейин алып барып жатканын белгилеп өттү.

"Казакстандан Кыргызстанга көпчүлүк казак жарандары кире албай калышты. Биз 2024-жылы виза-ран деген мыйзамды бекиткенбиз. Мындан улам үй-бүлөлөр ажырашып жаткан учурлар дагы катталууда. Аялы казак жараны болсо же баласы ошол жактын жараны болсо бизге кире алышпайт. Биз муну карап чыгышыбыз керек, себеби бир топ эле ыңгайсыздык жаралып жатат. Мен түшүнүп жатам, Казакстанда дагы мындай мыйзам бар, бирок биз өзүбүздүн жарандарга ыңгайлуу кылалы. ТИМге ушундай тапшырма берели, карап чыксын. Үй-бүлөлөр бул нерсе үчүн ажырашпашы керек. Азыр кээ бир үй-бүлөнүн аялы башка жакта, күйөөсү башка жакта жүрөт. Эгер керек болуп жатса, мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек",- деди Бекешев.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айынан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстанда жашоонун жаңы эрежелери күчүнө кирген. Кыргызстандыктар ал жакта 180 күндүк мөөнөттө 90 күндөн ашык эмес жүрө алышат. Казак жарандары үчүн ушундай эле эрежелер Кыргызстанда өткөн жылы декабрь айынан тарта күчүнө кирген.






Дастан Бекешев

Дастан Бекешев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: