Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жасаган деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 15-январда Свердлов райондук милициясына жеке ишкер арыз менен кайрылды. Анда А.А. аттуу жаран ишкерден Хоргос – Москва – Белгород багыты боюнча 159 270 долларлык унааларын жекирип берүүнү көздөп 4 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып, бирок 4 унааны "Дунларова" чек ара посту аркылуу Кыргызстанга алып кирип кеткенин билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен камакка алынды.
Милиция сатууга үлгүрбөй калган 4 унаа табылганын кошумчалады. Учурда шектүүнүн башка ушундай кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу аныкталууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















