Депутат "Тазалыктын" унааларын түнкүсүн иштетүүнү сунуш кылды (видео)
Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев борбор калаадагы "Тазалыктын" унааларын жана жол оңдогондорду түнкүсүн иштетүүнү сунуш кылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, аталган коммуналдык кызматтардын унаалары шаарда жол тыгынын күчөтүп жатат.
"Мэриянын карамагындагы "Тазалык", жол оңдогондордун унааларын түнкүсүн жүргүзсөк болмок. Күндүз алар тыгындын үстүнө тыгын жаратышууда. Алар жүргөндө кээ бир көчөлөр жабылат. Биз көрүп эле жүрөбүз, чет өлкөлөрдө тазалоо иштерин түнү менен бүтүрүп коюшат. "Тазалыктын" унаалары, кар тазалагандардын баары түндө иштейт.
Мага мэрия "алар түндө иштей албайт, иштесе эки эсе акы төлөш керек" деп жооп бериптир. Ушундай жөнөкөй нерселерди эмне үчүн өзгөртсө болбойт?",- деди депутат.
Марлен Маматалиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















