super.kg logo

Актауда кулаган азербайжандык учакта аман калган стюардесса ишине кайтты (видео)

 

Казакстанда AZAL авиакомпаниясына таандык учак кулаганда аман калган стюардесса Айдан Рагимли бир жылдан кийин кайрадан кызматына кайтты. Бул тууралуу авиакомпания социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу маалымдады.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары, 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.

Кырсыктан каза болгон учкучтар “Азербайжандын улуттук баатыры” наамы менен сыйланышкан. Ал эми аман калган борт коштоочулар Зульфугар Асадов жана Айдан Рагимли I даражадагы "Эрдик" ордени менен сыйланышкан.

Айдан Рагимли Азербайжандын тарыхында аталган төш белги менен сыйланган алгачкы аял.






Актауда кулаган азербайжандык учакта аман калган стюардесса ишине кайтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: