super.kg logo

Станислав Бондаренко катышкан "Бейиш 2: Апама кат" тасмасынын тизери чыкты (видео)

 

Режиссёр Руслан Акундун "Бейиш - эненин таманында" аттуу тасмасынын уландысы болгон "Бейиш 2: Апама кат" көркөм тасмасынын расмий тизери жарык көрдү.

Анда театр жана кино жаатында кеңири таанымал, көптөгөн телесериалдарда жана толук метраждуу тасмаларда роль жараткан орусиялык актёр Станислав Бондаренкону көрүүгө болот. Ал "Бейиш 2: Апама кат" тасмасынын актёрдук курамында да роль аткарат.

"Бейиш 2: Апама кат" тасмасы биринчи бөлүктөгү драмалык окуянын уландысы болуп, эненин мээрими, руханий баалуулуктар, улуулардын жоопкерчилиги жана каниет кылуу сыяктуу темаларды камтыйт. Тасма эл аралык кинофестивалдарда жогору бааланган жана заманбап Кыргыз киносунда өзгөчө орду бар режиссёр Руслан Акундун жетекчилиги алдында тартылууда.

Тасманын бет ачары 2026-жылдын 29-январында Кыргызстандагы бардык кинотеатрларда өтөт.

Тасманы тартууну "Egemen" жана "AZO Originals" студиялары ишке ашырууда. Улуттук сатыктан кийин тасманы эл аралык деңгээлде көрсөтүү пландалууда.






Станислав Бондаренко катышкан "Бейиш 2: Апама кат" тасмасынын тизери чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: