Жаңы Зеландияда жер көчкүдөн кийин бир нече адам дайынсыз жоголду
Жаңы Зеландиянын түндүк аралынын чыгыш жээгинде жер көчкү жүргөндөн кийин бир нече адам, анын ичинде балдар дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Mount Maunganui эс алуу паркындагы лагерге жер көчкү түшүп, эс алуучулардын чатырларын басып калган. Жер көчкү катуу жааган жамгырдан улам келип чыккан. Табият кырсыгы суу ташкынына жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келген.
Дайынсыз жоголгондорду издөө иштерине полиция кызматкерлери кызматтык иттери менен чогуу жана куткаруу тобу тик учактары менен тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















