Чүйдө кыргоолду мыйзамсыз аткан жаран кармалды
Бүгүн, 22-январда Чүйдө мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында кыргоолдорду аткан жарандар аныкталды.
Аталган факт боюнча административдик протокол түзүлүп, жаранга 20 миң сом айып салынды. Мындан тышкары, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында үч даана кыргоол үчүн 15 миң сом өлчөмүндө доо коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















