"Кыргызтелекомдун" мунара сааты убактылуу токтотулду (видео)
"Кыргызтелеком" ишканасынын имаратындагы мунара саатында убакытты көрсөтүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жебелердин кыймыл механизми эскиргендиктен сааттын жүрүшү токтоп калган. Сааттын так жүрүшүн калыбына келтирүү үчүн механизмди толугу менен алмаштыруу талап кылынат. Алмаштыруу иштерин эки циферблатка тең жүргүзүү пландалууда. Учурда компания үч комплект механизм сатып алууну пландап жатат: экөө циферблаттарга орнотуу үчүн, бири камдык үчүн.
Мекеме керектүү тетиктер келгенден кийин оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.
"Кыргызтелекомдун" мунара сааты убактылуу токтотулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















