super.kg logo

Кыргызстан менен Япония кадр даярдоо маселесин талкуулашты 

 

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев Япониянын Кыргыздагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Бул тууралуу 22-январда агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптар кадрдык потенциалды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкты, өзгөчө JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктарын талкуулашты.

"Долбоордун алкагында магистратура жана докторантура программаларына адистер даярдалып, Япония өкмөтү 399 миллион иен грант бөлгөн. Ошондой эле 2006-2025-жылдар аралыгында Японияда 327 кыргыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери жана “Жаш лидерлер” программасы аркылуу 28 адис билим алган",- деп жазылган маалыматта.

Жолугушууда аталган программанын квотасын 50 орунга, “Жаш лидерлер” программасын 10 орунга чейин кеңейтүү сунушталганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: