super.kg logo

Көрүүсү начар балдардын интернатына 10 жабдык тапшырылды (видео)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жайгашкан Көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына брайл системи боюнча жазган "Perkins Brailler Classic" үлгүсүндөгү 10 жабдыкты тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага өткөн жылдын сентябрь айында бул мектеп-интернатка барган учурда брайл системи боюнча окутууну уюштуруу үчүн атайын техникага муктаждыгы айтылган. Тиешелүү жабдуулардан 20 даана сатып алууга Резервдик фонддон 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү, анын ичинен 10у бул мектеп-интернатка, ал эми калганы Ош шаарындагы мектеп-интернатка берилет.

"Perkins Brailler Classic" жабдыктары окуу процессин уюштурууда маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. Алар брайл арибинде жазууну системдүү, ырааттуу жана практикага багытталган окутууга шарттарды түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, майда моторикасын, концентрациясын өнүктүрөт жана мугалимдердин окуу процессин уюштурууга көмөктөшөт.






Адылбек Касымалиев атайын мектеп-интернатына Брайл шрифти менен жазган 10 машинка тапшырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: