super.kg logo

Акын, жазуучу Омор Сооронов акыркы сапарга узатылды

 
Бүгүн, 22-январда белгилүү акын, жазуучу, адабиятчы жана сынчы Омор Сооронов акыркы сапарга узатылды. Бул кабарды Маданият министрлиги билдирди.
Коштошуу зыйнатына маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков, маркумдун жакындары, туугандары, замандаштары, кесиптештери, илим жана маданият өкүлдөрү, акын-жазуучулар, коомчулук катышты.
Ал жерде Соороновдун Кыргыз адабиятына, улуттук маданиятка кошкон зор салымы эскерилип, анын инсандык бийик сапаттары, эмгекчилдиги жана илимий мурасы тууралуу жылуу сөздөр айтылды. Өзгөчө анын көркөм сында, айрыкча адабият таануу илиминде көп эмгектенип, унутта калган акын, жазуучулардын, тарыхчылардын, искусство адамдарынын чыгармаларын, эмгектерин иликтеп, араб, латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп жарыялаганы баса белгиленди.
Омор Сооронов эмгектери үчүн Эл агартуунун мыктысы наамына жана илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Ал эми 2017-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: