super.kg logo

"Газпром Кыргызстан" кечиктирилген төлөмдөр үчүн туум албайт 

 

"Газпром Кыргызстан" ишканасы март айынын аягына чейин кечиктирилген төлөмдөр үчүн туум албайт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим "акылдуу" эсептегичтердин маалымат берүү системинде байкалган техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу кабыл алынган. Компания көрсөткүчтөрдүн туруксуз кабыл алынышы колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратканын түшүнүп, туумду эсептөө боюнча убактылуу акция жарыялаган.

"Туум 2025-жылдын декабрь айынын аягына карата түзүлгөн карызга гана токтотулат. Эгерде карыз январь-март айларында төлөнбөсө, 1-апрелден тартып туум кадимки тартипте кайра эсептеле баштайт. Учурда маалымат берүү системи туруктуу иштеп жатат, эсептөөлөр эсептегичтердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлүүдө",- деп маалымат берди "Газпром Кыргызстан".

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирип, колдонуучуларга 3 айдын дүмүрчөгү бир убакта келип жатканын айткан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: