super.kg logo

Самарада мигранттарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси кеңейтилди

 

Орусиянын Самара облусунун бийлиги патенттин негизинде иштеген чет өлкөлүк жарандарга тыюу салынган ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмесин кеңейтти. Атап айтканда, курьерлер жана сатуучулар да бул тизмеге киргизилди. Бул тууралуу облустун губернатору Вячеслав Федорищев кол койгон жарлыкта айтылат. Документ аймактык өкмөттүн расмий сайтында жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Учурда Самара облусунда эмгек мигранттарына ишмердүүлүктүн 117 түрүнө иштегенге болбойт. Буга чейин бул аймакта патент менен иштеген чет элдиктерге такси кызматында, билим берүү тармагында, дарыканаларда жана кадрларды тандоо агенттиктеринде иштөөгө тыюу салынган болчу.

Жаңы жарлык менен тыюу салынган кесиптердин тизмеси бир нече эсеге кеңейип, төмөнкү тармактарды камтыды:

  • соода-сатык;
  • транспорт;
  • коомдук тамактануу;
  • өндүрүш;
  • курьердик кызматтар;
  • билим берүү;
  • медицина;
  • IT жана илим тармагы.

Губернатордун жарлыгына ылайык, жергиликтүү компанияларга чет өлкөлүк жумушчулардын санын жаңы талаптарга ылайык келтирүү үчүн үч айлык мөөнөт берилди.

Белгиленгендей, мындай чектөөлөр Орусиянын бир катар аймактарында патент менен иштеген мигранттарга карата киргизилүүдө. Бош калган жумуш орундарын орусиялыктар же Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн (Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения) жарандары ээлейт деп күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: