super.kg logo

Бишкекте автобуста аялдын ири суммадагы акчасы жана зер буюмдары уурдалды (видео)

 

Бишкекте автобуста бара жаткан аял 595 миң сом, 400 доллар акчасын, 100 миң сомго бааланган зер буюмдарын каракчыларга алдыртып койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шектүүлөр аялдын капчыгын уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш ишин козголду. Натыйжада "Сары-Өзөн" базарынын аймагынан 1985-жылы туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон Ш.М. жана Ж.А. аттуу жарандар кармалышты. Ленин райондук соту чыгарган чечимдин негизинде алар №1 тергөө абагына камакка алынышты.

Шектүүлөр Ш.М. аттуу жаранга таандык Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаа менен жүрүшкөн. Аны тинтүү учурунда зер буюмдардын топтому табылды.






Бишкекте аял автобуста ири суммадагы ачасын, зер буюмдарын каракчыларга уурдатты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: