"Тендер аркылуу алынган". Балыкчыдагы бала бакчада мөөнөтү өткөн азыктар колдонулган (видео)
Балыкчы шаарындагы "Жоогазын" бала бакчасында мөөнөтү өткөн азыктар колдонулган. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Андагы маалымат боюнча, бүгүн, 22-январда шар мэри Баатырбек Жантаев тургундардан түшкөн көптөгөн арыздардын негизинде аталган бала бакчаны текшерген. Анда тендер аркылуу алынган азык-түлүктөрдүн дээрлик бардыгынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болгон.
"Бала бакчанын директорунун айтымында, тендердик ишкана товарларды коштомо кагазы жок эле таштап кетчү. Бала бакчанын кызматкерлери документтерди алыш үчүн өздөрү дүкөнгө барууга мажбур болушкан, бул одоно мыйзам бузуу болуп саналат", - деп билдирген мэрия.
Калаа башчысы аталган кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганы маалым болду.
Балыкчыдагы бала бакчада мөөнөтү өтүп кеткен азыктар колдонулган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















