Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөн жаран камалып, 3 баласы таятасына өткөрүлдү (видео)
Бишкек шаарында үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгарган жаран убактылуу камалды. Бул тууралуу 22-январда Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө анын аялына коргоо ордери берилди. Ошондой эле жабырлануучуга үйдүн санитардык абалын жакшыртуу, тазалыкты сактоо жана балдарга талаптагыдай шарттарды түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, үй-бүлөнүн жашы жете элек 3 баласы жабырлануучунун атасынын көзөмөлүнө алынды, алар кемчиликтер жоюлганга чейин убактылуу өткөрүлүп берилди.
Бишкекте үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгарган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















