super.kg logo

Казакстан, Өзбекстан... Газаны башкара турган Тынчтык кеңеши Давос шаарында түзүлдү

 

Бүгүн, 22-январда Швейцариянын Давос шаарында Газа тилкесин башкарууга көмөк кыла турган Тынчтык кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда түзүлдү.

Трамп менен бирге негиздөө документтерине Азербайжан, Аргентина, Армения, Болгария, Венгрия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Катар, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Парагвай, Сауд Арабиясы, Түркия, Өзбекстан жана өзүн-өзү жарыялаган Косово өкмөт өкүлдөрү кол коюшту. Азем Ак үйдүн интернет сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

Негиздөө документтерине кол коюлгандан кийин, Трамптын демилгеси менен түзүлгөн кеңеш расмий эл аралык уюмга айланды.

Буга чейин Вашингтон Газа тилкесин башкаруу боюнча Улуттук комитеттин түзүлгөнүн жана Тынчтык кеңешинин курамын жарыялаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: