Оюндан четтетилет... Араванда улакчылар менен жолугушуу болду
Бүгүн 22-январда Оштун Араван райондук милициясынын башчысынын орун басары Мурат Ормонов жана Ош облусунун Аламан-Улак федерациясынын жетекчиси Алмаз Мурзалиев жергиликтүү улакчылар менен жыйын өткөрдү.
Ош облустук милициясынан кабарлагандай, анда федерациянын уставы, жалпы жобосу жана улак өткөрүүнүн тартиптери, эрежелери жана жалпы коопсуздук маселелери талкууга алынган.
"Кызуу талкуудан кийин жергиликтүү улакчыларга мындан ары ар бир жерде өткөрүлүп жаткан улак тартыш оюндарына Аламан-Улак федерациясынын өкүлдөрү калыстык кылып, көзөмөл кыла тургандыгы, эрежеге баш ийбеген оюнчулар оюндан четтетиле тургандыгы эскертилди.
Ал эми улакчылар тарабынан айтылган сунуштар тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жөнөтүлдү. Иш-чаранын максаты улак тартыш оюну учурунда коопсуздукту камсыз кылуу, коом арасында ар кандай терс пикир жараткан окуялардын алдын алуу болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















