АКШ, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү БАЭде жолугушат
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын демилгеси менен 23-24-январь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында АКШ, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү катышкан үч тараптуу жолугушуу өтөрүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, бул жолугушуу техникалык деңгээлде уюштурулат.
"Эртең жана бүрсүгүнү Эмираттарда биринчи үч тараптуу жолугушуу болот", - деген Зеленский. Ал ошондой эле Эмират тарап бул жолугушуудан кабардар болушу керектигин белгилеп, буга чейин америкалык тараптан күтүүсүз жагдайлар болгонун эске салды.
Зеленскийдин пикиринде, техникалык деңгээлде болсо да, мындай форматтагы жолугушуунун өтүшү оң көрүнүш болуп саналат. Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жакынкы күндөрү Абу-Дабиде Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топтордун жолугушуулары өтөрүн маалымдаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















