Трамп Венесуэланын мунай фонддорун көзөмөлгө алды
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэладан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү процессин жеке өзү көзөмөлдөп жатканын Semafor басылмасы АКШ администрациясындагы өкүлгө шилтеме берип жазып чыкты.
Бул жагдай Трамптын Венесуэлага болгон таасиринин күчтүү экенин дагы бир жолу айгинелейт.
Маалыматка ылайык, мунайдын алгачкы сатылышынан түшкөн бардык каражаттар Венесуэлага өткөрүлүп берилет. Себеби өлкөнүн учурдагы өкмөтү АКШ менен "толук деңгээлде кызматташкан". Ошол эле учурда, каражаттардын бир бөлүгү АКШда калабы же жокпу – азырынча так эмес.
Белгиленгендей, мунай сатуудан түшкөн кирешени адегенде АКШ көзөмөлдөгөн, дүйнө жүзү боюнча таанылган банктардагы эсептерге которулат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Тейлор Роджерстин айтымында, Трамптын башкы кеңешчилери Венесуэлага болуп көрбөгөндөй инвестиция салууга даяр жана кызыкдар болгон мунай компаниялары менен туруктуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















