super.kg logo

Таласта өз билемдик менен жер берип, теректерди кыйган чиновниктер кармалышты (видео)

 

Таласка баруучу борбордук кире бериш жолунун боюнда жайгашкан жер тилкелерин эс алуу максатында мыйзамсыз бөлүп беришкен чиновниктер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, ал жерлер мамлекеттик токой фондунун кармагында болгон жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын аялы баштаган төрт кишиге бөлүштүрүлгөн. Жер тилкелери боюнча тийиштүү уруксаттар, каттоолор алынбай, төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада зыяндын өзү эле 23 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, 2024-жылы аким А.Б. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуп Бакай-Ата районунун мурдагы депутаты С.И. жана Ак-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.О. менен алдын ала сүйлөшүп, аталган райондогу 475 теректи кыюуга уруксат берген. Натыйжада мамлекетке 5 миллион 310 миң 505 сом зыян келтирилди.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Натыйжада УКМК Бакай-Ата районунун акими, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б. жана Талас токой чарбасынын директору А.Н. аттуу жарандарды кармады.

Тергөө уланууда.






Таласта өз билемдик менен жер берип, теректерди кыйган чиновниктер кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: