super.kg logo

Ашууларда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө

 
Бүгүн, 23-январга карата унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.
Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында кар жаап жатат, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.
Мекеме айдоочуларды кышкы жол шарттарын эске алып, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: