Путин Трамптын атайын өкүлдөрү менен үч саат сүйлөштү
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кремлдин маалыматына ылайык, жолугушуу үч жарым сааттан ашыкка созулганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, АКШ өкүлдөрү Владимир Путинге Трамптын Давосто Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон жолугушуусунан алган таасирлерин жана бааларын, ошондой эле декабрь-январь айларында Флоридада жана бир катар европалык борборлордо өткөн башка жолугушуулар боюнча айтып беришкен.
Юрий Ушаков Кремлдеги сүйлөшүүлөрдү "өтө мазмундуу, конструктивдүү жана мүмкүн болушунча ачык жана ишенимдүү" деп мүнөздөдү.
Ак үй Кремлдеги жолугушуунун жыйынтыгы боюнча азырынча комментарий бере элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















