super.kg logo

Бүгүн Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн Абу-Дабиде жолугушуусу болжолдонууда

 

Бүгүн, 23-январда Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Абу-Даби шаарында Орусия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү катышкан үч тараптуу жумушчу топтун биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Ушаковдун сөзүнө караганда, орусиялык делегация буга чейин түзүлүп, өлкө башчысы Владимир Путинден так көрсөтмөлөрдү алган. Делегациянын курамына Коргоо министрлигинин жетекчилигинин өкүлдөрү кирип, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков жетектейт.

"Аймактык маселени чечмейинче узак мөөнөттүү тынчтыкка үмүт кылууга болбойт. Орусия атайын аскердик операция учурунда коюлган максаттарына жетүүнү улантат",- деди Ушаков.

Мындан тышкары, Абу-Дабиде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Орусиянын Инвестициялар боюнча фондунун башчысы Кирилл Дмитриевдин жолугушуусу өтөт. Алар эки тараптуу экономикалык жумушчу топтун жетекчилери болуп саналат.

Айта кетсек, Кремлде Путин АКШнын өкүлдөрүн кабыл алып, үч сааттык сүйлөшүүлөр жүрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: