super.kg logo

Бишкекте "жолуңду ачып берем" деп алдамчылык кылганга шектүү аял кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран "жолуңду ачып беребиз" дегенге ишенип, белгисиз адамга мобилдик тиркеме аркылуу 523 миң 366 сом которгонун айткан. Бирок ал акчаны алгандан кийин байланышын үзгөн. Жабырлануучу шектүү менен Instagram социалдык тармагындагы жарнамадан улам байланышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн жашаган жеринен телефондор, банктык карталар, жарнамалык баракча, визиткалар, Куран, Кабыл болгон дубалар аттуу китептер, сырткы көрүнүшү 100 доллар номиналындагы банкнотторго окшош купюралар табылган.






Бишкекте жол ачуу шылтоосу менен алдамчылык кылган аял кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: