Ошто чет элдиктерди коркутуп келген деп милиция кызматкери кармалды
Ош шаарында милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Ошто иштеген чет элдик жарандарга системдүү түрдө кысым көрсөтүп, коркутуп келген. Алардын мыйзамсыз иштеп келгендерин билип, ай сайын 5000 сомдон 20 000 сомго чейин алып турган. Шектүү чет элдиктер акча берүүдөн баш тарткан учурда "айып пул салам, депортация кылам" деп коркутуп турган.
Учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн, ошондой эле бөлөк фактыларды аныктоого багытталган тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















