super.kg logo

Трамп TikTok менен келишим түздү

 

АКШнын президенти Дональд Трамп TikTok боюнча келишим тастыкталганын билдирип, бул багытта кызматташканы үчүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Semafor порталы АКШ менен Кытай TikTok’тун АКШдагы бизнесин америкалык инвесторлордон турган, Oracle жана Silver Lake жетектеген консорциумга сатуу боюнча келишимди жактырганын жазат.

"Мен TikTok’ту сактап калууга жардам бергениме абдан кубанычтамын. Эми ал улуу америкалык патриоттордун жана дүйнөдөгү эң ири инвесторлордун тобуна таандык болот жана маанилүү үнгө айланат. Башка факторлор менен катар, бул платформа 2024-жылдагы президенттик шайлоодо жаш шайлоочулар арасында менин жакшы жыйынтык көрсөтүшүмө себепчи болду. Менин жалгыз каалоом узак убакыттан кийин да TikTok’тун колдонуучулары мени эстеп жүрүшсө экен",- деп Трамп Truth Social социалдык тармагына билдирди.

Ал ошондой эле келишимди акыркы жыйынтыкка жеткирүүгө жардам берген өз администрациясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

"Мындан тышкары, биз менен кызматташып, жыйынтыгында келишимди жактырганы үчүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге да ыраазычылык билдиргим келет. Ал башка жолду тандашы мүмкүн эле, бирок андай кылган жок. Биз анын чечимин жогору баалайбыз",- деп кошумчалаган.

TikTok кыска видеолорду жаратуу жана көрүү үчүн арналган тиркеме. Ал кытайлык ByteDance компаниясына таандык. 2018-жылы ишке киргизилгенден кийин Кытайда кыска видеолор сегментинде лидер болуп, дүйнө жүзүндө да кеңири популярдуулукка ээ болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: