Маск жасалма интеллект 2031-жылдары адамдардан да акылдуу болорун айтты
Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск жасалма интеллект беш жылдан кийин адамдардан дагы акылдуу болорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Менин оюмча, биз ушул жылдын аягында адамдардан акылдуу жасалма интеллектке ээ боло алабыз. Ал эми 2030-2031-жылдары жасалма интеллект бардык адамдарды кошкондон дагы акылдуу болот. "Терминатор” тасмасындагыдай болбошу үчүн адамзат жасалма интеллект менен абайлап иштеши керек",- деген Маск.
Ошондой эле жасалма интеллект келечекте медицинада, транспортто жаңы изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн түзүү аркылуу адамдардын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берерин, болгону дыкат көзөмөл менен иштетүү зарылдыгын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















