Бүгүн дагы Жерде магниттик бороон болору айтылды
Бүгүн, 23-январь түшкө маал магниттик бороон болорун астрономдор болжолдошууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтар боюнча, 20-21-январь күндөрү Жерди магниттик бороон каптаган. Күн астрономия лабораториясынын божомолуна ылайык, аталган кубулуш бүгүн дагы кайталанышы ыктымал. Бороон Бишкек убактысы менен саат 09:00 чамасында башталып, болжол менен саат 12:00ге чейин созулушу, ал G2 "орточо" күчкү ээ болушу ыктымал.
Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 "өтө күчтүү" магниттик бороон деп бааланса, G1 "алсыз" магниттик бороон деп эсептелет.
Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, эс-учун жоготуу, кан басымынын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Мындай учурда дарыгерлер толук 7-8 саат уктоону сунушташат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















