Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы электрондук билериктер колдонулууда
Кыргызстанда электрондук мониторинг колдонулган коргоо ордерлеринин күчөтүлгөн тартиби киргизилип, электрондук билериктер жана мобилдик тиркемелер колдонулууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулуктун он сегизинин 6сына электрондук билериктер, 12сине мобилдик тиркеме аркылуу электрондук көзөмөл колдонулууда. Көзөмөлдүн мөөнөтү 3 айга чейин.
24 сааттык мониторинг коргоо ордерлеринин талаптарынын бузулушун реалдуу убакыт режиминде аныктоого жана ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Бардык сигналдар мекеменин мониторинг борборуна түшөт.
Белгилей кетсек, пилоттук долбоор Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Пробация департаментинин кызматташуусунда ишке ашырылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















