super.kg logo

Эмгек министрлиги Орусияга иш үчүн бара турган жарандарга кайрылды

 
Эмгек министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган Кыргыз жарандарына кайрылып, айрым эрежелер тууралуу эскертти.
Ага ылайык, мекеме Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде өзүн текшерип көрүүнү сунуштайт.
Ошондой эле Орусиянын мыйзамдарына ылайык, ал аймакта мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү милдеттүү жол-жоболорду өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертет:
  • 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жана сүрөткө түшүү;
  • 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу.
  • эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү;
  • 90 күндүн ичинде эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу.
Суроолор боюнча жарандар Орусиядагы Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнө төмөнкү байланыш номери аркылуу кайрыла алышат: +7 996 968 98 97.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: