Иранда нааразычылык акцияларына байланыштуу 15 киши кармалды
Иранда нааразычылык акцияларын уюштурууга шектелген 15 адам кармалды. Алар АКШ жана Израилдин чалгын кызматтарынын колдоосу менен аракеттенишкенин чет элдик басылмалар Иран бийлигине шилтеме берип маалымдашууда.
Маалыматка ылайык, кармалгандар Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында мечиттерди жана исламдык диний окуу жайларды өрттөөгө катышкан. Ошондой эле алар мамлекеттик жана жеке менчикти жок кылууга, коомдук тартипти бузууга, эл арасында коркуу жана дүрбөлөң жаратууга, аскердик объекттерге кол салууга айыпталууда.
Белгилей кетсек, нааразычылык акциялары декабрдын аягында Тегеранда улуттук валютанын кескин арзандашы жана баалардын өсүшүнөн кийин башталган. Иран бийлиги акциялардын басылганын 21-январда жарыялады.
Ислам республикасында массалык нааразычылык акцияларын колдогондордун мүлкүн конфискациялоо жана бизнесин жоюу иштери башталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















