super.kg logo
  Саясат  

"Ач көздүк да..." Мэр короолорун унаа жолуна чейин чыгарып тосуп алгандарга ачууланды (видео) 

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардын Буурдинская көчөсүндө жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Жыйынтыгында кызыл сызыктан чыгып турган турак жайларга тиешелүү эскертмелерди берүү тапшырмасы коюлду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жол боюндагы жеңил типтеги объекттерди бузуу, ошондой эле Достук көчөсү, 11/1 дарегиндеги объекттин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылды.

"Бул кандай, (ред.: короосу) жолго чейин чыгып кетиптир. Карачы, мына, ач көздүк да. Бир метрден эмне пайда тапты?",- деди мэр.

2026-жылы узундугу 1200 метрди түзгөн Буурдинская көчөсүн реконструкциялоо пландалууда. Долбоордо эки тилкелүү жол, туурасы 2 метр болгон тротуар жана скверди жаңылоо каралган.





Мэр короолорун унаа жолуна чейин чыгарып тосуп алгандарга ачууланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: