Бишкекте 25 жаштагы жигит ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды
Бишкекте 25 жаштагы жигит ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал KIA Picanto үлгүсүндөгү унаа менен бара жатканда токтотулган. Текшерүүдө анын жанынан 2 килограмм 14 грамм баңгизат табылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш ишин козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
25 жаштагы жигит ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















