"Жылуу сөздөргө рахмат". Шоумен Мыктыбек Мукаев 32 жашка толду

Алып баруучу, шоумен, Мыкы деген лакап аты менен таанылган Мыктыбек Мукаев бүгүн, 23-январда 32 жашка толду. Ал туулган күнүндө социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, пост жазды.
"Кош келдиң 32 жаш. Бардык куттуктоолорго жана жылуу сөздөргө чоң рахмат",- деп билдирүү калтырган ал.
Белгилей кетсек, Мукаев өткөн жылдын август айында Мээрим аттуу кызга баш кошкон. Жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү тою кесиптештери, жакындарынын коштоосунда Бишкек шаарында өткөн.

Мыктыбек Мукаев 1994-жылы 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетине тапшырып, аны 2016-жылы аяктаган. Ал эми 2011-жылдан тарта күлкү дүйнөсүнө аралашып, университетте окуп жүргөндө орус тилинде өтчү КВНде ойноп баштайт. Кийин кыргыз тилдүү оюндарга катышууну чечип, "Тамашоу" долбоорунун 5-сезонуна "Политех" курама командасы менен чыккан.

Ал 2018-жылы "Эң Мыкы шоу" аттуу көңүл ачуучу көрсөтүүсүн негиздеген. Ошондой эле "Эрке Сары", "Бешбармак", "Кошунаны тандабайт", "Алтын кошуналар", "Особняк" жана "Эгиз" аттуу кино-сериалдарда автор, актёр.
23-январдын жылнаамасы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















