Бруклин Бекхэмдин ата-энесине нааразычылыгынын чыныгы себеби
Бруклин Бекхэмдин ата-энесине болгон дооматынын тамыры 2022-жылдын апрелинде Никола Пельтц менен болгон үйлөнүү тоюнан башталат. Бруклиндин айтымында, ата-энеси тойдун даярдыгына кийлигишип, абалды көзөмөлдөөгө аракет кылышкан.
Виктория Бекхэм өз модалык бренди аркылуу келинге үлпөт көйнөк жасоого сөз берген, бирок аз убакыт калганда убадасын аткаруудан баш тарткан. Натыйжада Николага тез арада альтернатива издөө зарыл болгон.
Тойго бир нече жума калганда ата-энеси Бруклинге юридикалык шарттарды күчтөп талап кылып, фамилияга болгон укуктардан баш тартууга кол коюшун талап кылышкан. Той алдында, Бруклиндин айтымында, үй-бүлөнүн мүчөлөрү ага Николаны "биздин каныбыз эмес" жана "биздин үй-бүлө эмес" деп айтышкан.
Эң оор учур, Бруклиндин айтуусу боюнча, өзү менен жубайынын биринчи бийи учурунда болгон. Николанын ордуна сахнага Виктория чыга калып, жаштардын боло турчу бийин бузган.
Бул окуялар үй-бүлөдөгү чыңалууну күчөтүп, коомчулуктун көңүлүн бурган.

Бекхэмдердин уулунун тоюнда чындыгында эмне болгон
Адегенде той көйнөгү тууралуу. Азыр Бруклин Бекхэм апасы акыркы учурда келинине өз брендинен көйнөк берүүдөн баш тартканын айтууда. Бирок 2022-жылы Никола Пельтц Grazia журналына берген маегинде таптакыр башкача билдирген. Анын айтымында, ал Викториянын көйнөгүнөн өзү баш тартып, Valentino брендин тандаган. Дал ушул чечими келечектеги кайненесинин ачуусун келтирген.
Андан ары. Тойду сүрөткө тарткан фотограф Герман Ларкиндин айтымында, Виктория Бекхэм Николадан "уурдап алган" деп айтылып жүргөн бий башынан эле күйөө бала менен апасынын бийи катары пландалган. Бул тууралуу "Антиглянец" телеграм-каналы жазат. Ларкин "Антиглянецке" берген маегинде Пельтц тойдо чындап эле ыйлаганын, бирок бул бий "уурдалгандыктан" эмес, алып баруучунун - Марк Энтонинин - сөздөрүнөн улам болгонун айткан. Ал баарынын көзүнчө Виктория Бекхэмди залдагы эң сулуу жана эң таасирдүү аял деп атаган. Бул, балким, чындык болушу мүмкүн, бирок той учурунда, келиндин көзүнчө, күйөө баланын апасын сулуулуктун жана аялзатынын идеалы катары мактоо орунсуз жана жагымсыз угулган.

Ларкиндин айтуусунда, Виктория тууралуу ошол сөздөрдөн кийин ыйлап жиберген Пельтц залдан чыгып кеткен. Бирок Бруклин дароо эле жубайын сооротууга шашкан эмес - алгач апасы менен бийди аягына чейин бийлеп бүтүргөн.
Ларкиндин сөздөрүн Никола Пельтц өзү да Grazia журналына берген маегинде ырастаган. Бирок ал алып баруучунун жагымсыз сөздөрү - бул импровизация эмес, атайын алдын ала пландалган, Виктория Бекхэм тарабынан ага багытталган "ийне сайуу" болгон деп эсептей турганын кошумчалаган.
Эгер тойго келген коноктордун колунда телефон болгондо, окуялардын так чынжырын калыбына келтирүү алда канча жеңил болмок. Бирок салтанаттын башында эле бардык гаджеттер жеке баштыктарга салынып, аларды колдонууга жана видео тартууга мүмкүн болбой калган. GB News басылмасынын маалыматына ылайык, бул тойго катышуунун эрежеси болгон.
Белгилүү болгондой, той өзү да бир топ чуулгандуу өткөн. Пельтцтердин үй-бүлөсү салтанатка 3 миллион фунт стерлинг короткон. Андан кийин уюштуруучулар менен ачык жаңжал чыгып, эки тарап бири-бирин сотко берген. Уюштуруучулар болсо ЖМКларга келин тараптан болгон көптөгөн чыргоолонуу, эркелөө жана "бул гүлдөр жетиштүү ак эмес" деген өңдүү дооматтар тууралуу айтып беришкен.
Той болгондон көп өтпөй эле жаш жубайлар дагы бир жолу - "азыраак стресстүү" - той өткөрүүнү каалашарын билдиришкен. Алар муну бирге түтүн булаткандарына үчүнчү жыл болгондо ишке ашырышкан. Бирок бул салтанатка Бекхэмдер чакырылган эмес.
