"Оскар" сыйлыгына талапкерлер белгилүү болду
Лос-Анжелес шаарында 22-январда "Оскар" сыйлыгына талапкерлер жарыяланды. Сыйлык тапшыруу аземи 16-мартта өтөт.
"Мыкты тасма" номинациясына "Бугония", "Франкенштейн", "Кармаш артынан кармаш", "Марти Магнифисент", "F1", "Гамнет", "Күнөөкөрлөр", "Сезимтал баалуулук", "Поезддеги кыялдар", "Жашыруун агент" тасмалары көрсөтүлгөн.
"Мыкты актриса" номинациясына: Жесси Бакли ("Гамнет"), Роуз Бирн ("Эгер колумдан келсе, мен сени тепмекмин"), Ренате Рейнсве "Сезимтал баалуулук"), Эмма Стоун ("Бугония"), Кейт Хадсон ("Алардын кыялдарынын мелодиясы").
"Мыкты актёр" номинациясына: Тимоти Шаламе ("Марти Магнифисент"), Леонардо Ди Каприо ("Кармаш артынан кармаш"), Вагнер Моура ("Жашыруун агент"), Майкл Жордан ("Күнөөкөрлөр"), Итан Хоук ("Көк ай").
"Мыкты режиссёр" номинациясына: Пол Томас Андерсон ("Кармаш артынан кармаш"), Хлоя Чжао ("Гамнет"), Райан Куглер ("Күнөөкөрлөр"), Йоахим Триер ("Сезимтал баалуулук"), Жош Сафди ("Марти Магнифисент").
"Мыкты анимациялык тасма" номинациясына: "K-Pop шайтан аңчылары", "Айбанаттар шаары-2", "Арко", "Элио", "Кичинекей Амели".
"Мыкты анимациялык кыска метраждуу тасма" номинациясына: "Үч эже-сиңди", "Көпөлөк", "Эвергрин", "Көз жашы берметтей төгүлгөн кыз", "Пенсиялык план".
"Мыкты чет тилдеги тасма" номинациясына: "Жашыруун агент" (Бразилия), "Сезимтал баалуулук" (Норвегия), "Жөнөкөй кокустук" (Иран, Франция, Люксембург), "Сират" (Испания, Франция), "Хинд Ражабдын үнү" (Тунис).
Жалпысынан талапкерлер 24 категория боюнча ат салышат. Аземдин алып баруучусу кайрадан эле Конан О’Брайен болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















