super.kg logo
  Саясат  

Аким алмашып, жаңы элчи дайындалды. Өлкөдө бир аптадагы кадрдык өзгөрүүлөр

 

Кыргызстанда бир жуманын ичинде (19-январдан 23-январга чейин) бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Алсак, 19-январда транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары болуп Бекназар Базаралиев дайындалганы кабарланды. Буга чейин аталган кызматты Талантбек Солтобаев аркалап келген.

Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы кылып Талантбек Ташибековду дайындады. Белгилеп өтсөк, 2025-жылдын декабрь айына чейин бул кызматты Азамат Юсупов аркалап келген.

20-январда улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Медет Таиров барды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон тескемеге ылайык, Эркинбек Өмүркулов 21-январда "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалса, "Бишкекмончо" ишканасын жетектөө милдети Адылхан уулу Саматка тапшырылды.

Буга удаа Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп Данияр Бапышов дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылды. Ал 2007-жылдан бери архитектура тармагында эмгектенип келет. Буга чейин аталган департаменттин директорунун орун басары кызматын аркалаган.

Бул жума ичинде президент Садыр Жапаров Чүй районунун акими Русланбек Тагаевди кызматтан алып, ордуна Эмилбек Абдыкадыровду дайындады.

Белгилей кетсек, Русланбек Тагаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен өткөн жылдын декабрь айында УКМК тарабынан кармалган. Ал Чүй районунун акими болуп 2024-жылдын март айында дайындалган.

Ал эми Эмилбек Абдыкадыров Нарын облусунун Ат-Башы районунун администрациясын жетектеп келген.

22-январда Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кызматынан бошотулуп, ордуна буга чейин АКШдагы элчилик кызматты аркалаган Айбек Молдогазиев дайындалды. Артыкбаев Монголиядагы Кыргызстандын элчиси болуп 2023-жылы 8-июлда дайындалган.























 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: