super.kg logo

Аккордеон менен ырдаган мукам үндүү элдик талант Максуда айым менен маек (видео)

 

Кыргыз элинин маданий мурастарынын бири – музыка, ыр жана аспаптык өнөр. Бул тармакта өзүн белгилеп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон таланттуу адамдар көп. Бүгүнкү макалада SUPER.KG порталы аккордеон менен ырдаган, интернет желесинде "жылдызга" айланып, коомчулукка тааныла баштаган Максуда Умарова менен маек курат. Ал жөн гана аткаруучу эмес, музыка мугалими катары өзүнүн чыгармачылыгы жана өнөрү менен муундарды шыктандырып, кыргыз ырларын - элдик мурасты сактоого салым кошууда.

- Саламатсызбы! Өзүңүз тууралуу кенен айтып, тааныштырып кетсеңиз...

- Мен Баткен районуна караштуу Жаңырык айылынан болом. 1969-жылы 15-декабрда аталган айылда төрөлгөм. Үй-бүлөдө 9 бир тууганбыз. 1985-жылы 8-классты аяктап, Ош педагогикалык окуу жайынын музыка бөлүмүнө тапшыргам. 1998-жылы окуу жайды бүтүрүп, өзүм окуган Фрунзе атындагы орто мектепте эмгек жолун баштагам. Учурда Жаңы-Жер орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеп жатам.

- Чыгармачылыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

- Жаш кезимде эле музыкага кызыкчумун. Менин чыгармачылыгым - сезимдеримди сөз аркылуу жеткирүү. Ар бир ыр менен адамдын ички дүйнөсүн, ой-толгоосун жана жашоонун майда, бирок маанилүү учурларын чагылдырууга аракет кылам. Мен үчүн өзүмдү таануу, жүрөктөгү ойлорумду эркин айтуунун жолу - бул чыгармачылык. Ошондуктан ар бир ырда чынчылдык, жылуулук жана жашоого болгон сүйүү бар.

- Аккордеондо ойноо негизи эркек кишилерге таандык деп кабыл алынат да. Оор аспапта ойноону качан баштадыңыз?

- Ооба, негизинен эркек кишиге таандык музыкалык аспап деп коомчулукта калыптанып калган. Анын себеби, эми айымдар алсыз же назик дешсе керек да. Чындыгында бул аспап жыныска эмес, эмгекке жана каалоого байланыштуу. Мен аккордеондо ойноону мектеп учурунда баштагам. Алгач оор сезилгени менен, убакыт өткөн сайын көндүм. Бул бул аспап жашоомдун бир бөлүгүнө айланды.

- Интернет желесинде видеолоруңуз тарап, ырчылар бөлүшүүдө. Коомчулук сиздин атакарууңузга баа берип дегендей. Социалдык тармактагы баракчаларга тарап кетет деп ойлодуңуз беле?

- Интернет желесинде менин аткаруум боюнча жакшы пикирлер айтылып, алкоолор болуп жатканы мени абдан кубандырды. Чынын айтсам, мынчалык тез тарап кетет деп башында ойлогон эмесмин. Алгач таң калдым, андан кийин жоопкерчилик сезими пайда болду. Бул мага дагы да изденип иштөөгө, өзүмдү өнүктүрүүгө чоң мотивация берди.

- Чыгармачылык менен активдүү алектенейин деген ойлоруңуз барбы? Мисалы, клип тарттырып, экранга чыгып дегендей. Же элдик талант боюнча калууну каалайсызбы?

- Албетте, чыгармачылык менен мындан ары да олуттуу алектенүү ниетим бар. Клип тарттырып, чыгармачылыгымды кеңири аудиторияга жеткирүү да пландарымдын арасында. Бирок ошол эле учурда элдик талант катары калуу, элге жакын болуп, чыныгы музыканы бөлүшүү мен үчүн абдан маанилүү. Кайсы формат болбосун, эң башкысы - өз жолумдан тайбай, сапаттуу жана чын дилден чыккан чыгармачылыкты улантуу. Учурда 4 ырым бар, аларга обон жаратып, нотага тушүрүү келечектеги башкы пландарымдын бири.

- Жаштарга кеңешиңиз?

- Жаштарга айтар кеңешим - өзүңөргө ишенип, кыялдарыңардан баш тартпагыла. Кыйынчылыктар сөзсүз болот, бирок алар адамды сындырбай, тескерисинче, күчтүү кылат. Эмгектенүүдөн, изденүүдөн коркпогула. Ар бир адамдын өз жолу, өз убагы бар. Эң башкысы - адамдык сапатты сактап, ата-энеңерди сыйлап, өз талантыңарды элге пайдалуу багытта өнүктүргүлө.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылык эргүү каалайбыз. Мукам үнүңүз менен элди кубантып, кыргыз маданиятына кошкон салымыңыз мындан ары да арта берсин!


кошулду





Аккордеон менен ырдаган мукам үндүү элдик талант Максуда айым менен маек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: