Транзакция салыгынын ставкасы төмөндөтүлдү
Мамлекеттик салык кызматы чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияларга салынуучу салыктын ставкасы 0,2 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу 22-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.Берилген маалыматка ылайык, бул өзгөртүү "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык киргизилди.
Белгилей кетсек, транзакцияга салынуучу салык буга чейин 2025-жылдын 31-июлунда киргизилген. Ал атайын салыктык режим болуп саналат жана чет өлкөлүк банктын эсебинен келип түшкөн акча каражаттарын Кыргызстан банкында ачылган салык төлөөчүнүн эсеби аркылуу гана чет өлкөлүк банктын эсебине которуу операцияларына салык салууну карайт. Эсеп ачылган банк транзакциялык операция жүргүзүлгөн учурда бул салыкты салык агенти катары кармап, бюджетке төлөп берет.
Транзакцияларды жүргүзгөн субъекттер "транзакцияга салынуучу салык" атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу жана 2026-жылдын 1-февралына чейин аталган салык режимин колдонуу үчүн арыз берүүгө милдеттүү. Бул салыкты колдонгон салык төлөөчүлөрдүн өлкө аймагында башка ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укугу жок, салык төлөөчү мындай ишти жүргүзүү үчүн өзүнчө ЖЧК же жеке ишкер катары каттоодон өтүүгө тийиш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















