super.kg logo

Түптөгү чатыры урап түшкөн мектептин куруучуларына айып пул салынды 

 
Түп районунун Миң-Булак айылындагы калың кардан чатыры урап түшкөн мектептин куруучуларына айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 150 орундуу мектепти "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду каржылап, курулуш иштерин "Энержи-Нур строй" ЖЧКсы жүргүзгөн. Имарат Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти тарабынан кабыл алынган эмес.
"Буга чейин "Энержи-Нур строй" ЖЧКсына карата мектептин курулушу боюнча бир нече жолу эскертүү берилген. Бүгүнкү күндө аталган компания тарабынан мектептин чатыры толук калыбына келтирилип, 200 миң сом айып салынды. Мындан сырткары, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат",- деп билдирген министрлик.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда калың жааган кардан улам жаңы салынган мектептин чатыры кулап түштү делген видео тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: