АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкканы айтылды
АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 22-январда АКШнын Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө департаменти жарыялаган.
Департаменттин маалыматына ылайык, уюмду андан ары каржылоо токтотулат, себеби ДССУнун каталары АКШга триллиондогон доллар чыгым алып келген. Жарлыкка ылайык, америкалык кызматкерлер ДССУдан токтоосуз түрдө кайра чакыртылып алынган.
Ал эми чет элдик басылмалар АКШ аталган уюмга карызын төлөй электигин, анын көлөмү өткөн жылдын январ айына чейин 260 миллион долларга жеткенин жазышты. Ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп уюмдан чыгуу боюнча буйрукка дээрлик бир жыл мурун кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















