№13 округдагы шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин тизмеси
№13 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 19 киши арыз тапшырды. Бул тууралуу 23-январда БШКдан билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 29-январында саат 18:00дө аяктайт. Талапкерлердин тизмеси:
- Арстанбеков Акылбек Советбекович (02.04.1965) - "Кыргызстан" Топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы;
- Маматаев Эркинбек Садирбекович (23.01.1972) - убактылуу иштебейт;
- Асанов Уланбек Жалалович (30.11.1970) - "Эмитент виртуалдык активдери" ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы;
- Асамудинов Бактыбек Асанович (30.05.1966) - жактоочу;
- Калматов Токторали Калдарович (29.05.1976) - жеке ишкер;
- Чолпонов Уланычбек Калдарбекович (01.03.1981) - Базар-Коргон РЭТнин жетекчиси;
- Матсаков Кадырбек Мусаевич (31.03.1977) - жеке адвокат;
- Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна (29.10.1976) - Түштүк региону боюнча бажы кызматынын бөлүм башчысы;
- Мацаков Бакыт Калбаевич (01.06.1989) - "БОУЛ" ЖЧКнын директору;
- Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович (22.03.1978) - убактылуу иштебейт;
- Базаркулова Нурсыйда Манасовна (15.09.1973) - Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин мугалими;
- Чомоев Алмазбек Алтынбекович (13.10.1979) - жеке ишкер;
- Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович (16.06.1969) - Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси;
- Мансуралыев Залкарбек Медетбекович (01.01.1998) - “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК, юрист;
- Исраилжан уулу Өсөрбек - (12.03.1992) - убактылуу иштебейт;
- Койчуманова Нуркан Кадыровна - (17.09.1967) - Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы;
- Нуриев Кубан Бактыбаевич - (15.08.1970) - Базар-Коргон районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы;
- Атабекова Кызжибек Азимжановна - (11.01.1978) - “ГермесКом” ЖЧКнун башкы директору;
- Темирбаева Махсудахане Юлчиевна - (16.09.1963) - №50 "Эл Нуру" балдар бакчасынын директору.
Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоого талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















