super.kg logo

Атыңызды ким койгон? 

 

Ысымдары орус маданиятына, совет дооруна байланышкан, дүйнөлүк атактуулардын ысмын алып жүргөн кыргызстандыктар көп. Алардын ичинен элге төбөсү көрүнгөн инсандар тууралуу кызыктуу маалыматты сунуштайбыз .

Съездбек Искеналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:
“Атымды атам Олимпбек коём деп...”

– Биз 11 бир тууганбыз. 6 кыз, 5 уул. Мен төрөлгөн жылы КПССтин 26-съезди, анан да спорттук Олимпиада болуп жаткан кез экен. Атам партиянын кишиси болгондуктан, “уулумдун атын Олимпиаданын атынан Олимпбек коём” дептир. Анан апам экөө сүйлөшүп, кайра Съездбек деген ысымды ыйгарышкан экен. Ошентип, менин ысымым аз жерден Олимпбек болуп кала жаздаган. Бир туугандарым“Эгерде атың Олимпбек болсо, ким билет, артист болбой эле спортчу болуп кетмек белең?” деп айтып калышат.

Эгер атымды кыргызчага которсок, Курултайбек болмок экен.

Ырчылыктан тышкары 2007-жылдан бери көздөй кино чөйрөсүндө Э.Абдыжапаровдун “Боз салкын” көркөм тасмасында Мураттын, кийин А.Дайырбековдун “Жээк” кыска метраждуу тасмасында эпизоддук ролду, “Кайып булак” мистикалык тасмасында баш каармандын биринин ролун, С.Шерниязовдун “Аян” кыска метраждуу тасмасында Ырчы жигиттин ролун аткардым.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында уюштурулган музыкалык ансамблде солист катары эмгектенип, Кыргыз милициясынын 85 жылдык мааракесин уюштурууга активдүү катышкандыгым үчүн министрлик тарабынан төш белги менен сыйландым. 2009-жылы “Сынган жүрөк” аттуу отчеттук концертимди бергем.
2008–2009-жылдары. Казакстанда, Россиянын бир катар шаарларында, Кытай Эл Республикасында, Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөн маданий иш-чараларга катыштым.

Ал 2003–2008-жылдары. Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиокорпорациясынын “Улуттук хит-парадынын” түрдүү орундарына татып, дипломдор менен сыйлангм..2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Алтын үн – 2006” фестивалынын дипломанты болуп, 2008-жылы министрликтин Ардак грамотасы менен сыйландым. “Кыргызстан обондору” радиосунун, “Кыргыз туусу” “Супер инфо” гезиттеринин ар түрдүү сыйлыктарына жана 2008-жылы “Эсимде” деген обону Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясынын “Ала-Тоо таңшыйт” теледолбоору тарабынан “Мыкты обон” номинациясына татыды.
..........
“Атамдын Орусиялык Эл артисти досунун атын алып жүрөм”

Дмитрий Жумалиев, опера ырчысы, КРнын айкидо федерациясынын инструктору, спорт чеберчилигине кандидат:
Менин атам кыргызга белгилүү инсан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев. Убагында Москва шаарындагы Луначарский атындагы театралдык жогорку окуу жайды бүтүргөн. Студент кезинде атамдын чогуу окуган Дмитрий Певцов деген кан досу бар экен эле. Ал адам кийин Орусиянын Эл артисти наамын алган.
Мен төрөлгөндө атам достугубузду тастыктайын деп ысымымды анын атынан Дмитрий деп коюптур.
Дмитрийдин апасы врач экен. Апамдын бөйрөк оорусу болгонго Кыргызстандык врачтар төрөй албайсың дешиптир. Ошонло апасы муну угуп, Дмитрийди Кыргызстанга жиберип, апамды алдырып, бөйрөгүн дарылатып берет. Анан убакыт өтүп, мен жарыкка келем.

Атам ырдаганың, чыдамкайлыгың, “скроймныйлыгың” да досум Дмитрийге окшош деп калат.
Мен Бишкекте жеке концертимди өткөргөм. Мен өлкөнүн Айкидо федерациясында инструктор болуп иштейм да, тушоо кесүү концертимди өткөргөндө Айкидо федерациясынын президенти да конок болгон. Ошондо “Дима, кышында Япониядан сенсей Томохиро Мори баштаган коноктор келет эмеспи. Ошого арнап концерт уюштурбайсыңбы” деп калды. Концертим сенсейге арналды.

Чыгармачылыкта өзүмө ыраазы болгон учур боло элек. Дагы иштешим керек, машыгып, өсүп-өнүгүшүм зарыл дей берем. Операны туура пропаганда кылып, элге тегиз жете тургандай жайылтышыбыз керек. Операга биринчи жолу келгендер “башкача ырахат алдым” деп көп айтышат.

Мурун артисттердин арасында чоңойсом да негедир артист болбойм дечүмүн. Ырчылыкка апам айтканы үчүн эле келген жокмун, ырдаганды жакшы көрчүмүн. Апам туура кеңеш берип жатканына ынандым. Консерваторияга кантип тапшырып калганымды айтып берейин. Сыргак деген досум бар, бир кезде атамдын колунда актёрдук чеберчилик боюнча окуп калган. Биздин үйдө жашады, дос болуп калдык. Ал Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда окуп жүргөндө мен Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында окучумун. Сыргак мага келип “компьютерден ушул ырларды коюп берчи” дейт. Экөөбүз Лучано Паваротти, Дмитрий Хворостовский, Лео Нуччи сыяктуу дүйнөлүк ырчыларды укчубуз. Ал кыйкырып кайталап ырдайт, мен да ага кошулуп бакырам. Бир күнү ал “Дима, сен вокалга барышың керек окшойт. Агайларга айтайын, ырдап көр” деп калды. Макул болдум. Эмиль Омуров байке менен сүйлөшүп коюптур, угуп көрүп, ал дагы “ырдашың керек экен” деди. Ошондон баштап өзүм да кызыгып калдым. Анан жөн эле ырдай бербей окушум керек да деп Башкаруу академиясында сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Консерваторияга тапшырдым. Бир учурда кайра ырдагым келбей көңүлүм чөккөн учур да болду. Кичине кезимде кыялданган бир кесип бар болчу, ошого аракет кылып көрөйүн дедим. Ошентип искусствого тиешеси жок жерге жумушка кирип иштеп калгам.

Спортко кичинемден кызыкчумун. Жан Клод Ван Дамм, Жеки Чан, Брюс Линин кинолорун кызыгып көрчүмүн. Волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, эрежесиз эр уруш менен машыгып көрүп, акырында айкидого токтолдум. Чыңгыз Кайназаров аттуу шеф-инструктор бар, ошол агайга барып машыктым. Агай айкидо эле эмес, жашоодо да көп нерсеге үйрөттү. Чыңгыз агай менен көп сырдаштым. Акыл-насаатын айтып, кеңешин берип турат. Агай экинчи атамдай болуп калды. Өмүр бою Айкидо менен машыгам деп ойлойм. Жашоо – бул кыймыл дейт го. Спорт менен машыксаң ден соолугуң чың, ойлоруң таза болот.

Татынакай жубайым, 4 балам бар. Чоңоюп жатышат.

.....................

“Эрнест деген атактуулардын атынан коюлган”
Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:
Мен төрөлгөн учурда Эрнст Тельман менен Эрнест Хемингуэйдин аттары коомчулукта кеңири белгилүү экен эле. Тельман – немис саясатчысы, Германиянын Борбордук комитетинин Коммунисттик партиясынын жетекчиси, рейхстагдын депутаты болгон. Хемингуэй – америкалык жазуучу, аскердик корреспондент, Нобель сыйлыгынын ээси болгон. Эрнест, Эрнис деген аттарды биздин муундун арасынан көп кездештирем. Ата-энем дагы элден артта калбай атымды Эрнест деп коюшуптур. “Эрнст” деген аттын мааниси немисчеден орусчага которгондо “серьезный” экенин бир тасмадан көрүп эстеп калгам.

Булардан тышкары Орусиялык Фёдор Фёдорович Эрнст опералык ырчы, Эрнст Львович деген орус тарыхчысы, крымовед болуптур. Ушундай мыкты адамдардын ысымдарына окшош атты алып жүрүү мага сыймык.
Мен Эрнест Алмасбекович Абдыжапаров – кинорежиссёр, сценарист, продюсер. 1961-жылы 27-февралда Фрунзе шаарынд (Бишкек) жарык дүйнөгө келгем. 1983-жылы Фрунзедеги орус тили жана адаабияты педагогикалык институтун аяктагам. 5 жыл айылдык мугалим болуп иштегем.

1983-жылдан тартып тартуучу топтун администратору. 1992-жылдан тартып “Кыргызфильм” киностудиясынын редактору. 1993-жылы “Менин прим Алманбет” документалдуу фильмин тартуу менен режиссёр катары карьерасы башталган. 2008-жылдан баштап өзүнүн мастер-классын өткөрүп келет жана кинематография жаатында көптөгөн таланттарды чыгарып келет. Мен тарабынан 15 толук метраждуу көркөм фильм, 20дан ашык кыска метраждуу жана документалдуу фильм тартылган. 40тан ашык кионсценаий жазып, анын жарымынан көбү ушулкезге чейин тартылды

................
Союзбек Сейитказиев, куудул:
“Атым дүркүрөп турган Союздан улам коюлган”
–Мен 1985-жылы Токтгул районунун Толук айылында 16-мартта жарык дүйнөгө келгем. Ал союз кези болгонго үйдөгүлөр ысымымды “Союзбек” коюшуптур. СССР убагында жер шарындагы кургактыктын алтыдан бир бөлүгүн ээлеп, 293 миллион адам болгон экен. Дүйнөдө өнөр жайынын өнүккөн жагынан 2-орунда экен эле. Кыскасы дүркүрөп турган. Албетте, ушуга карап да эл Союз кезин макташчу тура. Ысымымдын коюлуп калышына мунун да таасири болуптур.
19 жашымдан баштап куудулдук өнөрдү аркалап келе жатам.

Куудулдук өнөрүмдү ачкан «Беш тапан» тобуна кантип кошулуп калгам? Атактуу куудул Абдылда Иманкулов менен таяке-жээн болуп калабыз. 2003-жылы Бишкекке келип анын үйүнө барсам,сатирик, куудулдардын атасы Рахман байке Разыков келип калды. Ага сахнага чыгуу кыялым бар экенин айтсам, топко кабыл алды. Башында 2 жыл топто колонка ташып, кээде бала жетишпей калганда ордуна чыга калып жүрдүм. Кийин Кыялбек Алиев деген жигит топтон кетип, анын ролдорун ойноп көрүнө баштагам. Эӊ биринчи сахнага чыкканда калтырап-титиреп сүрдөгөм. Азыр дагы эл жакшы кабыл алганда өзүмдү жоготуп жиберип, сүрдөп барып ордума келем. Куудул ырдаса, бийлесе, актёр болсо да жарашат. Куудул деген статус өзү сонун нерсе экен. Сени көргөн адам «баягы бала белеӊ?» деп бир жылмайып алат. Айрым концерттерде кээде ырдап калам.

Гастролорго чыгам, убак-убагы менен концерттеримди элге тартуулап келем.
“Супер куудул” наамынын бир нече жолку ээсимин.

  • Жогоркулардан тышкары орусча ысымдарды алып жүргөндөр да көп. Алар төмөнкүлөр:
    Сталбек деген ысымды алсак, уңгусу “сталь”, кыргызча “болот”. Бек- мүчөсү. Жалпы алганда Болотбек деген маанини берет. Мындай ысымдуу атактуулардын ичинен Сталбек Бактыгулов бар. Ал композитор, жазуучу, журналист. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2001), "Даңк" медалынын ээси (2008), профессор , Кыргыз Республикасынын эл артисти (2020).
  • Советтик доордо пайда болгон ысымдардын бири Советбек. Бул кеңеш өкмөтүнүн орношуна жана анын өнүгүшүнө байлныштуу. Мындай ысымдуу атактуулар да бар. Мисалы кыргыз киносунун жана театрынын корифейлеринин бири, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов. Ал эми
    Советбек Байгазиев — Советтик жана Кыргызстандык публицист-жазуучу, адабият изилдөөчү, педагог-окумуштуу, профессор (1995)[1], филология илимдеринин доктору (1984). Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1998).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: