super.kg logo

Абу-Дабиде Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр башталды

 

Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга арналган Орусия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү Абу-Дабиде башталды. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарында иш алып барган британдык Sky News телеканалынын кабарчысы Салли Локвудга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, учурда орусиялык жана украиналык өкүлдөр бир бөлмөдө отурабы же жокпу, белгисиз.

Буга чейин Орусия Федерациясынын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Орусия, АКШ жана Украинанын коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу жумушчу тобунун алгачкы жыйыны 23-январда Абу-Дабиде өтөрүн басылмаларга билдирген. Орусия тараптан сүйлөшүү тобун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штаб башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жетектейт. Ал эми үч тараптуу жумушчу топтун украин бөлүгүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жетектөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: