БУУ Иранды байланыш жана интернетти калыбына келтирүүгө чакырды
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Иран бийлигин өлкө ичинде байланыш каражаттарына жана интернетке жеткиликтүүлүктү кайрадан камсыздоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, бул өчүрүү ислам республикасынын тарыхындагы эң узакка созулган учур болуп, жарандардын маалымат алууга жана байланышууга болгон укугун олуттуу чектеди.
Тюрк билдиргендей, ирандыктар бири-бири жана тышкы дүйнө менен байланыша албай, өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтан ажырап калышкан. Алгач бийлик нааразычылык акцияларына диалогго чакыруу жана баалардын өсүшүнүн кесепеттерин жумшартуу үчүн мамлекеттик субсидияларды көбөйтүү менен жооп берген. Бирок кийинчерээк нааразылыкка чыккандар "террористтер", "мамлекеттин душмандары" жана "чет элдик агенттер" катары мүнөздөлө баштаган.
Комиссардын маалыматына караганда, башаламандык учурунда миңдеген адамдар каза болгон. Нааразычылык акциялары 29-декабрда риалдын курсунун кескин түшүшүнөн кийин башталып, өлкөнүн ири шаарларына жайылган. Иран бийлиги башаламандыкты уюштурууда Израил менен АКШны айыптап, курман болгондордун жалпы саны 3 миңден ашканын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















