super.kg logo

Сузакта 43 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

 
Сузак районунда 43 жаштагы жаран алдамчылыкка шек саналып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-январда милиция 41 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал былтыр сентябрь айында шектүү анын 97 баш кочкорун ар бирин 33 миң сомдон баалап сатып алганын, акчасын эки айда берүүнү убада кылып, бирок из жашырып кеткенин айткан. Натыйжада жабырлануучу 3 миллион 201 миң сом зыянга учураган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: