Артисттердин айрым категориялары үчүн өзгөчө пенсия укугу берилди
Министрлер кабинети театрлардын, цирктердин жана башка театралдык-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсияга укук берүүчү тизмени бекитти.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, өкмөттүн токтому боюнча сахнада 20 жылдан кем эмес чыгармачылык стажы бар балет артисттери, бий аткаруучулары, мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери, травести-артисттери, цирк жана концерттик уюмдардын гимнасттары, акробаттары, эквилибристтери, машыктыруучулары, маскарапоздору, 50 жашка чыккан балбандар, вокалисттер, хор артисттери жана үйлөмө аспаптарда ойногон артисттер пенсия алууга укук алышат.
Министрлик токтом 1-январдан тартып күчүнө киргенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















