super.kg logo

АКШ Кубага мунай жеткирүүнү бөгөттөшү мүмкүн 

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кубада бийликти алмаштырууга мажбурлоо үчүн бул өлкөгө бардык мунай жеткирүүнү бөгөттөө маселени талкуулап жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы булактарга шилтеме берип жазды.

Булактардын маалыматы боюнча, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана башкалар мунай блокадасы идеясын колдойт. Бирок, Politico бул маселе боюнча акыркы чечим али кабыл алына электигин белгилейт.

Ошол эле учурда макалада баса белгиленгендей, талкуунун айрым катышуучулары мындай катаал чаралардын кереги жок деп эсептешет.

Буга чейин The Wall Street Journal жеке булактарына таянып, Вашингтон Куба өкмөтүнүн ичинен жылдын аягына чейин өлкөдөгү азыркы саясий режимди кулатууга жардам бере турган адамдарды издеп жатканын жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: